Сариева Нурзат Кубатбековна мектеп директору

Директор

Сариева Нурзат Кубатбековна мектеп директору

Сариева Нурзат Кубатбековна 2022-жылы 25-июлда мектеп директорлору үчүн өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен директорлук кызматка келди. Ал буга чейин мектепте тарбия иштери боюнча уюштуруучу, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген.

Нурзат Кубатбековна 1987-жылдын 18-январында Аксуу районунун Челпек айылында туулган. 2004-2009-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл  мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетин аяктаган. Эмгек жолун 2009-жылдын 1-сентябрынан баштап Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы Ж.Асаналиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде математика, информатика мугалими болуп иштеп келген.

Ал учурда үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын  апасы.