2023-жылдын 19-20-январь күндөрү Республикалык олимпиаданын райондук түрү болуп өттү
- Райондук олимпиадага кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, математика, информатика, химия, биология, география, англис тили, тарых предметтери боюнча 17окуучу катышты. Анын ичинен 9 окуучу 1-2-3-орундарды багынтып келишти. Алар төмөнкүлөр: Тарыхтан: 9-класстын окуучусу Кадырбаев Нурсултан 2-орун
Географиядан: 10-класстын окуучусу Мирланова Малика 1-орун
Орус тили жана адабиятынан: 10-класстын окуучусу Орузбаева Айжамал 2-орун, 11-класстын окуучусу Усенназиева Нурзат 3-орун
Кыргыз тили жана адабиятынан: 9-класстын окуучусу Шаршеналиева Акылгул 2-орун, 11-класстын окуучусу Шаршеева Сайкал 3-орун
Химиядан: 9-класстын окуучусу Алиева Асема 1-орун, 10-класстын окуучусу Муканова Сырга 3-орун, 11-класстын окуучусу Барыктабасова Сезим 2-орун
Бул окуучуларга ийгилик жана ден соолук каалайбыз!!!
Комментарии